Курс валюты на 22.11.2023 г. | ||||||||||||||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
|
Кардарлар үчүн
Кардарлар үчүн
- Кардарлардын укуктары жана милдеттери
·Кардарларды коргоонун принциптери
- Даттануулар менен сунуштарды билдирүү эрежелери
- Кайрылууларды кабыл алуу
Кардарлардын укуктары жана милдеттери
Кардарлардын укуктары
Насыя келишимине кол коюудан мурун кардар тѳмѳнкү укуктарга ээ:
- насыя келишимин тиркелген бардык документтери менен чогуу колуна алып, Компаниядан тышкары жерге юридикалык консультация алуу үчүн кайрылуу, мында аталган келишим менен таанышып чыгуусу үчүн кардарга берилген мѳѳнѳт бир күндѳн кем болбоого, бирок үч жумуш күнүнѳн ашпоого тийиш;
- Компаниянын кызматкерлерине тѳмѳнкү маалыматтарды түшүндүрүү жана алар боюнча консультация берүүсү үчүн кайрылуу:
- кардардын тандоосуна жараша мамлекеттик жана/же расмий тилде насыя ѳнүмүнүн толук баасы боюнча маалыматты кошкондо, насыя берүүнүн шарттары тууралуу маалымат алуу;
- зайым алуучунун жоопкерчилигин, милдеттерин, анын ичинде ѳзүнүн финансылык абалы тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды берген учурлар үчүн жоопкерчилиги менен милдеттери кошулуп, насыя келишиминин шарттары жѳнүндѳ; ошондой эле насыя алуу жана насыя келишиминин шарттарын бузуу, күрѳѳ камсыздоосун кѳрсѳтүү менен байланыштуу тобокелдер, жана кепилдик берүүдѳгү жоопкерчилик тууралуу;
- насыя келишиминин шарттарын ѳзгѳртүү мүмкүндүгү менен тартиби жѳнүндѳ;
- насыя алууга, тейлѳѳгѳ жана аны кайтарууга байланыштуу бардык тѳлѳмдѳрдүн тизмеси жана ѳлчѳмдѳрү боюнча
Насыя келишимине кол коюлган учурдан тартып келишим боюнча акча каражаттарын колуна алган мезгилге чейин кардар эч кандай акы тѳлѳбѳй туруп насыя алуудан баш тартууга укуктуу.
Насыя келишимине кол коюп, Компаниядан акча каражаттарын алган соӊ кардар тѳмѳнкүдѳй укуктарга ээ болот:
- Компаниядан анык карызынын ѳлчѳмү тууралуу маалымат алуу жана насыя келишиминин шарттары ѳзгѳргѳн учурда – тѳлѳмдѳрдүн жаӊы графигин алуу;
- насыя боюнча карыздын толук суммасын же анын бир бѳлүгүн эч кандай айып пул тѳлѳбѳстѳн, мѳѳнѳтүнѳн мурда тѳлѳѳ;
- насыяны узартуу же реструктуризациялоо ѳтүнүчү менен Компанияга кайрылуу. Зайым алуучу Компанияга насыяны узартуу же реструктуризациялоо ѳтүнүчү менен жазуу жүзүндѳ кайрылган учурда, Компания аны карап чыгып, арыз ээсине кайрылуу боюнча алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндѳ жооп берүүгѳ тийиш;
- эгерде насыянын негизги суммасынын 50 пайызынан кѳбү тѳлѳнүп бүткѳн болсо, анда коюлган күрѳѳнүн ордуна баасы насыя боюнча карыздын калган суммасын жаба турган башка күрѳѳ коюу.
Ошондой эле, кардар тѳмѳнкү укуктарга ээ:
- - насыя боюнча тѳлѳмдѳрдү, үстѳк айыздарды, айып пулдарды эсептѳѳ тартиби жѳнүндѳ түшүндүрмѳ берилишин талап кылуу;
- - насыя келишими түзүлѳ (жолжоболоштурула) турган тилди (мамлекеттик же расмий) тандоо.
Кардарлардын милдеттери
- Компаниядан алган акча каражаттарын насыя келишиминде кѳрсѳтүлгѳн максаттарда пайдалануу;
- Компанияга насыяны жана пайыздарын насыя келишиминде кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳрдѳ кайтаруу;
- Насыя боюнча карызды убагында тѳлѳбѳгѳндүгүнѳ, ошондой эле сотко кайрылууга байланыштуу Компанияга келтирилген чыгымдарды, анын ичинде: шаар аралык сүйлѳшүүлѳргѳ, зайым алуучу менен уюлдук байланышка, Компаниянын кызматкерлеринин «Баруу актысына» ылайык зайым алуучуга баруусуна, тѳлѳнгѳн мамлекеттик тѳгүмдѳргѳ кеткен чыгымдарды тѳлѳп берүү;
- Компанияга ѳзүнүн тѳлѳѳ жѳндѳмдүүлүгү жѳнүндѳ туура маалымат берүү;
- Компанияга насыяны жана пайыздарын убагында кайтарууга таасир этиши мүмкүн болгон бардык ѳзгѳрүүлѳр жана кыйынчылыктар тууралуу билдирип туруу;
- Компанияга фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары, катталган дареги жана иштеген жеринин ѳзгѳргѳндүгү жѳнүндѳ мындай маалыматтарда ѳзгѳрүү болгон учурдан тартып 10 күндүн ичинде кабар берүү.
Кардарларды коргоонун принциптери
Кардарларды коргоонун принциптери – бул Компаниябызга кайрылууда кардар бизден күткѳн тейлѳѳнүн негизги стандарттары.
Кардарлар менен узак мѳѳнѳттүү ѳнѳктѳштүк мамилелерин түзүү максатында «Аю Финанс» микрофинансы компаниясы ѳз ара ишенимдин, түшүнүүнүн жана сый-урматтын болушу үчүн колунан келген күч-аракетин жумшап, кардарлардан да мындай мамилени күтѳт.
·Тийиштүү ѳнүмдѳрдү иштеп чыгуу жана сунуштоо
·Ашкере карыздарга жол бербѳѳ
·Ачык-айкындуулук
·Жоопкерчиликтүү баа чыгаруу
·Кардарларга калыс жана сый мамиле
·Кардарлар тууралуу маалыматтардын конфиденциалдуулугу
·Даттанууларды чечүү механизми
Даттануулар менен сунуштарды билдирүү эрежелери
Урматтуу кардарлар!
Биз тейлѳѳ сапатынын жакшырышына ѳбѳлгѳ түзѳ турган каалоо-тилектериӊизди угууга дайым даярбыз. Биздин максат – сапаттуу тейлѳѳ аркылуу кардарлардын ыраазычылыгына ээ болуу, ошондуктан биз кабыл алып, кылдаттык менен карап чыга турган Сизден келип түшкѳн сунуштар, даттануулар жана эскертүүлѳр биз үчүн эӊ баалуу маалымат болуп эсептелет.
Сиздин сунуштарыӊызды, даттанууларыӊыз менен эскертүүлѳрүӊүздү ѳзүӊүз үчүн ыӊгайлуу формада кабыл алууга даярбыз:
- «АЮ Финанс» МФК бардык бѳлүмдѳрүндѳ жайгашкан даттануулар менен сунуштардын дептерлери жана кутучалары аркылуу;
- электрондук почта аркылуу: ayu.finans@mail.ru;
- (312) 62 37 17, 0(770) 00 25 27 номерлери боюнча Байланыш-борборуна чалуу аркылуу;
Тандалып алынган байланыш каналына карабастан Сизден фамилияӊызды, атыӊызды, атаӊыздын атын; байланыш маалыматтарыӊызды – почта дарегин, телефон номерин, электрондук почта дарегин сѳзсүз кѳрсѳтүүнү ѳтүнѳбүз.
Ошондой эле кардар «АЮ Финанс» МФКна МФК жетекчиси же филиалдын жетекчисинин кабыл алуусу боюнча ѳтүнүч менен кайрыла алат. Жетекчилер кардарларды МФК жумуш сааттарынын каалаган ыӊгайлуу убагында кабыл алышат.
«АЮ Финанс» МФК анонимдүү эмес кардарлардын даттануулары менен сунуштарына жазуу жүзүндѳ жооп берет. Кайрылууну карап чыгуунун жана жооп берүүнүн мѳѳнѳтү кайрылуу катталган күндѳн тартып 30 календардык күндү түзѳт. Эгерде Сиздин кайрылууӊуз карап чыгуу үчүн кѳбүрѳѳк убакытты талап кылса, анда бул жѳнүндѳ Сизге кошумча маалымат берилет.
Биз үчүн кардарларыбыздын пикирлери абдан маанилүү жана ал пикирлерди тейлѳѳнүн сапатын жогорулатуу максатында сѳзсүз колдонобуз. Сиздин ар бир кайрылууӊуз – биздин жалпы ийгилигибизге карай дагы бир кадам. Ишенимиӊиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Даттануулар менен сунуштарды карап чыгуу тартиби
Кайрылууларды кабыл алуу
1.Кардарлардын кайрылуулары милдеттүү түрдѳ каралып чыгууга тийиш. Кайрылууларды карап чыгуудан баш тартууга жол берилбейт.
2.Компания кайрылууларды кыргыз же орус тилдеринде оозеки жана жазуу жүзүндѳ, электрондук түрдѳ кабыл алат. Аларды карап чыгуунун максималдуу мѳѳнѳтү – 30 календардык күн.
3.Анонимдүү түрдѳ келип түшкѳн кайрылуулар карап чыгууга жана изилдѳѳгѳ жатат, бирок компания аларга жооп берүүгѳ милдеттүү эмес.
4.Кардар компанияга тѳмѳнкү жолдор менен кайрыла алат:
- филиалга же башкы кеӊсеге (БК) ѳзү келүү;
- почта аркылуу – кайрылуусун филиалдын жана/же БКнин почта дарегине жѳнѳтүү;
- компаниянын расмий сайтындагы «Суроолор жана сунуштар» бѳлүмү;
- даттануулар менен сунуштардын дептерине жазуу;
- атайы даярдалган анкетаны толтуруу жана/же эркин жазуу түрүндѳ даттануулар менен сунуштар үчүн кутучага даттанууну же сунуштарын калтыруу;
- компаниянын ар бир филиалындагы стендде жана компаниянын сайтында номери жазылган телефонго чалуу.